7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чаткалда мал-жандыгы кар алдында калган үч үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт

771

Чаткалда мал-жандыгы кар көчкү алдында калган үч үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана район акими Алтынбек Сенирбаев жашоочулар менен жолугушууда билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 12-март күнү Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында жалпы 125 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен 3 үй-бүлөнүн 4 мал сарайы, 156 баш кой, 6 жылкы жана 1 автоунаасы кар алдында калган. Натыйжада жалпы 6 млн. 584 миң сомдук материалдык чыгым жаралган.

Облус башчысы жабыркаган үй-бүлөлөргө барып, колдоо иретинде акчалай көмөк көрсөтүлөөрүн айтты. Алдыда облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистеринин корутундусунун негизинде иш алып барылаарын билдирди. Жыйынтыгы менен кооптуу деп табылган аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн жерди трансформациялоо ишин колго алууну тапшырды.

Белгилей кетсек, жабыркаган үй-бүлөлөргө район бийлиги тарабынан жалпы 1,5 млн. сом акча каражатын бөлүп берүү каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772