7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чаткалда жыгач устунга тирелген мектептин курулушу быйыл башталат

760

Чаткал районунун Курулуш айылындагы жыгач устунга тирелген мектептин курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мектептин абалы менен жеринен таанышуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, кооптуулук жаралган Сатимбай Мырзалиев атындагы орто мектептин имараттары 1961-1982-жылдары курулган. 2020-жылы ӨКМ тарабынан мекемеге авариялык абалда деген чечим чыгарылган. Учурда 150 орунга ылайыкташкан мектепте 461 бала билим алууда.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жергиликтүү бийлик жетекчилерине тез аранын ичинде курулушка керектүү документтерди даярдоо тапшырмасын берди. Алгач курулушка райондун өнүктүрүү фондунан 10 млн сом акча каражаты бөлүнөөрүн айтты. Калган каражаттар да этап менен камсыздалаарын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761