7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара чыры: Башкы прокуратура «Кактус Медиа» сайтына кылмыш ишин козгоду

689

Чек ара маселеси жөнүндөгү «Кактус Медиа» сайтында жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-январында «Кактус Медиа» сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Макалада Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасы тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690