7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

741

«Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмө посттун Чек ара кызматынын кызматкерлери КРнын мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган.

Жогоруда аталган Чек ара кызматынын өткөрмө постунун көзөмөлдөөчүлөрү «А.Б.», «А.Н.», «А.Ж.», «А.Ж.» жана нөөмөт башчысы «О.Э.», ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу «Ж.А.» кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742