7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматы: Максат жана Достук айылдарында ок атылды деген маалымат жалган

775

Бүгүн, 21-сентябрь саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажик Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган деген маалымат тараган.

Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776