7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы 62 жеңилдик алуучу конуштардын тизмеси кеңейтилет

534

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баткен облусунун бүткүл аймагында атайын салыктык-инвестициялык режим иштейт, облустун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеңилдетилген жана акысыз (медициналык жана башкалар) негизде көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш түзүлүп, ал эми аймакты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Арзыбек Кожошев кошумчалагандай, аталган мыйзамдын алкагында министрлер кабинети 62 жеңилдетилген чек ара конуштарынын тизмесин бекитүү чечимин биринчи этапта кабыл алган. Бул тизме толук эмес, мыйзам чегинде жана бардык зарыл процедураларды сактоо менен толукталмакчы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, аталган тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 145 «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» токтому менен бекитилген башка ченемдик укуктук актынын алкагында бекитилген.

«Бул тизмеге Баткен районунун бардык чек ара айылдары кирбейт, анткени аларды киргизүү үчүн өзгөчө шарттар бар. Бул мыйзамдын талабы, үч шарт тең сакталышы тийиш. Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Ал эми Баткен облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө. Бардыгын дароо жасоо мүмкүн эмес, айрыкча аймакта 12 жыл ичинде түзүлгөн кырдаал анча жакшы эмес. Эң негизгиси, «муз жарылып, иш башталды», — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ошондой эле ал инвестициялык портфелди бөлүштүрүү жана салынган инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө кошумчалады.

Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын февраль айынын экинчи жарымында Баткенде министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны өтөөрүн, ага байланыштуу мыйзамды ишке ашыруу боюнча ченемдик-укуктук актыларга киргизилген бардык өзгөртүүлөр кеңешмеде кароо үчүн даяр болушу керектигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

535