7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик адистер Бишкектин атмосфералык абасынын булганышын изилдейт

226

Бишкек шаарынын  мэринин орун басары Рамиз Алиев БУУнун Туруктуу өнүктүрүү башкармалыгынын (UNOSD) башчысы Пак Чун Ку мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы – шаардагы атмосфералык абанын булганышына алып келген негизги булактарды аныктоо жана бул багытта жаңы комплекстүү изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы болду.

Рамиз Алиевдин айтымында, түтүн маселеси Бишкек үчүн эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

«Шаарыбыздагы олуттуу маселелердин бири – түтүн. Бишкекке абанын сапатын изилдеген жаңы, заманбап иликтөө зарыл. Учурдагы абалды ар тараптуу изилдеп, абанын булганышынын негизги булактарын так аныктоо үчүн адистерди чакырдык», — деди ал.

UNOSD өкүлдөрү чакырууга ыраазычылык билдирип, уюмдун долбоорлорунда колдонулган эл аралык аба сапатын изилдөө методологиясы боюнча презентацияны сунушташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артышарын белгилешти.

227