7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

707

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү чет элдик жарандан опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ЮМ караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген КР жараны Я.К. кармалып, №1-тергөө камак жайына киргизилди. Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Аны кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты табылган. Ушуга байланыштуу, мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышуусу бар экендиги аныкталууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708