7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик жарандардан системалуу түрдө пара алып жүргөн мамкызматкерлер кармалышты

5

Системалуу түрдө пара алуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурушкан бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Калкты каттоо департаментинин» кызматкерлеринин ортомчулук кызматын көрсөткөн жарандар менен алдын ала макулдашып уюштурулган мыйзамсыз схема аныкталды.

Аныкталган маалыматтарга ылайык, «Калкты каттоо департаментинин» мурдагы директору «А.Т.Ж.», Бишкек шаарынын Биринчи май районунун «Калкты тейлөө борборунун» башкы адиси «П.А.Т.», Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Калкты тейлөө борборунун» жетектөөчү адиси «А.М.М.», «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери «Т.А.Ш.» жана «М.А.К.» аттуу ортомчу жарандын катышуусунда — мамлекеттик кызматтар боюнча «Калкты тейлөө борборлоруна» кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерге көрсөткөн кызматтары үчүн мыйзамсыз акча каражаттарын алуу системасы уюштурулган.

Схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документтерди тариздөө иштерин кезексиз, кыска убакытта бүтөрүп берүүнү сунушташкан. Бул үчүн алар көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 дөн 10 миң долларга чейин талап кылышкан. Андан соң мыйзамсыз алынган акча каражаттары аталган топтун катышуучуларынын арасында бөлүштүрүлгөн.

Мыйзамсыз схеманын баардык катышуучулары кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

6