7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөдө кайтыш болгон мигранттарды КРге алып келүүдөгү жеңилдиктерге кол коюлду

230

Чет өлкөдө кайтыш болгон мигранттарды КРге алып келүүдөгү жеңилдиктерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

231