7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чойбек ажы Исакунов: Эл байып, турмуш жакшырган сайын, ысырапкорлор көбөйүп жатат

1022

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов  жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттары аркылуу үй-бүлөлүк салтанаттарды, аш-той жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатындагы президенттин жарлыгынын алкагында коомчулукка кайрылуу жасады.

“Ислам дининде болсун, дүйнөлүк илимдерде болсун, улуу ойчулдардын, саясатчылардын жазгандарында болсун ысырап кылуу, байлыкты маанисиз чачуу өтө чоң айып катары белгиленет. Эл байып, турмуш жакшырган сайын, ысырапкорлор көбөйүп жатат. Мунун баары –ысырапкорчулук, элди кедейликке түртүүнүн бир белгиси”,- дейт Чойбек ажы.

Бүгүнкү күндө ашыкча ысырап кылуу  күч алгандыгын билдирген  баш имам-хатиб бул жаатта Балыкчы шаарындагы дин кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1023