7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Ата шаарына үч эс алуу паркы курулат

379

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долборун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Финансы каражаттар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн 56,0 млн АКШ доллары, анын ичиде 31,0 млн АКШ доллары гранттык каражаттар жана 25,0 млн суммасында АКШ доллары кредиттик каражаттар берилет.

Доолбор менен Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоонун суткалык көлөмү 14,2 миң метр куб, 150 км канализациялык тазалоочу курулмалар, канализация системасы, 11,0 км променад (жөө-веложолдору), тарых музей жана 3 эс алуу паркы курулат. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында туризм объекттеринин инфраструктуралары жана петроглифтер жайгашкан жерлердин абалы жакшыртылат.

380