7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада өтчү саммиттин жүрүшүн көзөмөлдөөгө 1000ден ашык милиция тартылат

779

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын катышуучуларынын жана анын меймандарынын коопсуздугун камсыз кылууга, Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын бардык күч жана каражаттары тартылды. Ошондой эле, кошумча күчтөр республикабыздын башка региондорунан да тартылат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Чолпон-Ата шаарында өтө турчу саммиттин жүрүшүндө коомдук коопсуздукту 1000 ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери сакташат.

Көрүлүп жаткан аракеттер – расмий делегациялардын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге, шаардын ичинде, анын көчөлөрүндө укук тартибин сактоого багытталган. Ошол эле учурда, жарандарыбыздын күнүмдүк турмушунун ритми сакталып, алардын укуктарына чектөөлөргө жол берилбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

780