7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Токтобеков: Түркия-Кыргызстан ишкерлер форумуна биз элеттиктерди да чакырдык

436

Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков: Жакында Бишкекте өткөрүлгөн Түркия-Кыргызстан ишкерлер форумуна Түркиядан 61 ири ишкананын жетекчилери, алардын жарымынан көбү – ошол компаниялардын ээлери, ал эми Кыргызстандан – 180ге жакын ишкананын өкүлдөрү катышты. Айрым ушул сыяктуу иш-чараларга, негизинен, Бишкектеги он чакты ири компаниянын жетекчилери келет, биз болсо бул жолу элеттик ишканаларды да чакырдык, анткени алар өз өндүрүшүн өнүктүрүп, тажрыйба топтоп, эл аралык деңгээлге чыгыш керек.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы бир жылдык соода көлөмү азыр бир миллиард доллардан ашыгыраак, биздин максатыбыз – бул көлөмдү 2 миллиардка жеткирүү жана, негизинен, Кыргызстандан болгон экспортту көбөйтүү. Орусия-Кыргызстан ортосундагы соода көлөмү 2 миллиард, ал эми Кыргызстан менен Кытай ортосундагы соода 3 млрд доллардын тегерегинде. Ушундай ишкер-форумдарын өткөрүү – соода алакаларын кеңейтүүгө шарт түзөт деген ойдобуз.

437