7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупцияга шектелип «Чыгышэлектр» Нарын филиалынын кызматкерлери кармалды

797

«Чыгышэлектр» ААКсынын Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн 667 миң 300 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 28-февралында Башкы прокуратуранын тергѳѳ тобу тарабынан Тянь-Шань райондук электр тармактарынын начальниги Б.Т.О., “Чыгышэлектр” ААКнын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., жана Ж.А.М., кармалышып, Нарын ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда аталган сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

798