7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19: Убактылуу 868 эмдөө пункту ачылат

578

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жасоону ыкчам жүргүзүү үчүн убактылуу 868 эмдөө пункту ачылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.

«868 эмдөө пунктунун 521и мамлекеттик медициналык мекемелерде, 11и жеке менчик медициналык жайларда, 116сы жалпы билим берүүчү окуу жайларда, 25и соода-эс алуу жайларында, 53ү спорттук мекемелерде, 63ү ири базарларда ачылмакчы», — деди Бакашова.

Ошондой эле калкты эмдөө үчүн 78 мобилдик бригада уюштурулган. Вакцинаны сактоо үчүн эмдөө пунктуларынын бардыгы муздаткыч, ал эми мобилдик топтор термоконтейнер менен жабдыла турганы айтылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579