7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дөңгөлөгү кышкыга алмаштырылбаган унаалар Төө-Ашууга өткөрүлбөйт

169

Бүгүн  Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 5-взводунун командири Улан Алымбеков билдирди.

Бишкек- Ош жолунун 124- чакырымында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолдо тыгын пайда болгондо каршы тилкеге чыкпай, аралыкты кеминде 500 метр сактагыла, — деп кайрылды Алымбеков .

Белгиленгендей, оор жүк ташуучу автоунаалар “Сосновка” жана “Арал” текшерүү пункттарынан текшерилип, дөңгөлөгү кышкыга алмаштырылбаган автоунаалар кое берилбейт.

Эске салсак, аба ырайына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

170