7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк банк Өзбекстандын 1 млн адамына жардам берет

99

Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши Өзбекстанда калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган 250 миллион долларлык каржылоо пакетин жактырды. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, «Шаарларда жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу» программасы өлкөнүн 13 аймагындагы 16 район жана шаарда ишке ашырылат. Программанын алкагында калк жана бизнес үчүн муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү көздөлөт.

Долбоор социалдык жана коммуналдык инфраструктураны, транспорттук тармакты, коомдук мейкиндиктерди, соода, ишкердик жана туристтик объекттерди өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды пландоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө каралган.

Программа жарандар менен бизнестин түз катышуусу аркылуу ишке ашырылып, калктын, анын ичинде аялдардын муктаждыктарын эске алат. Натыйжада 2030-жылга чейин түздөн-түз 1 миллионго жакын адамдын жашоо шартын жакшыртуу пландалууда.

100