7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкө катышат

10

Быйыл Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар жана меймандар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн көчмө жыйында билдиргенин аталган министрликтен кабарлады.

Жыйында дүйнөлүк масштабдагы маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объектилердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралды.

Маданий оюндардын байге фондуна 4 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрү айтылды.

Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, даярдык иштерин күчөтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык шарттарды түзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошот.

11