Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов тууралуу маалыматтар:
- 2000-жылы 1-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн.
 - Атасы Евгений Петрашов 1996,2000, 2004-жылдагы Олимпиада оюндарынын катышуучусу.
 - Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
 - 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, өз командасынын тарыхындагы эң жаш олимпиадачы аталган.
 - Сууда сүзүүнүн брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир канча ирет Кыргызстандын рекордун жаңырткан.
 - Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, “Даңк” медалы менен сыйланган.
 
Жетишкендиктери:
Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси;
Маккабиада оюндарынын алтын медалынын эки жолку ээси»
Азия чемпионатынын алтын медалынын 4 жолку ээси;


 
 



