Дагестандын сегиз районунда жайгашкан 101 калктуу конушта аба ырайынын начардыгынан улам электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргенин, Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, 30 м/с чейин жеткен катуу шамалдын кесепетинен электр жарыгы өчкөн.
Учурда аба ырайынын начар шарттарынан улам авариялык калыбына келтирүү иштери токтотулганы белгиленди. Аймакта шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетүүдө.
Буга чейин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү республиканын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 30-33 метрге чейин жете турганы күтүлүп жатканын эскерткен.



