7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дагы бир алтын! Эрназар Акматалиев Египеттеги эл аралык мелдеште жеңишти камсыздады

619

Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Акматалиев эркин күрөшү боюнча 70 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Финалда кыргыз балбаны америкалык Лукас Дакота Читтум менен кармашып, атаандашынан кыйла күчтүү экенин көрсөттү. Жыйынтыгында 10:0 эсебинде Акматалиев алтын медалды багындырды.

Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков (82 кг) күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) менен Раззак Бейшекеев (67кг) коло, эркин күрөшү боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын жана Бекзат Алмаз уулу (57 кг) коло медаль уткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620