7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дарыгер омуртканы талкалай турган 8 адатты атады

481

Биз күн сайын билип-билбей жасаган аракеттерибиздин айрымдары омурткага терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу нейрохирург Сергей Кузнецовго шилтеме берип Sputnik маалымат агенттиги жызып чыкты.

«Омуртка ооруган учурлардын 80 пайызына атайын медициналык жардамдын зарылдыгы жок. Көбүнө жашоо образын өзгөртүү жетиштүү»,- деп жазылат анда.

Төмөндө адис санап өткөн адаттар:

  • Бүкүрөйүү

Көбүнесе компьютерде иштеген кишилерде, өзгөчө алар туура эмес отурган учурда омурткасынын анатомиялык түзүлүшү өзгөрөт. Мындан улам көкүрөк, баш, көз ооруйт;

  • Сумканы ар дайым бир гана ийинге көтөрүү

Сумканы ар дайым бир ийинге асынып жүргөн учурда омурткага бир тараптан күч келип, сколиоз илдетине алып келет. Өзгөчө бала кезде бул нерсеге көңүл буруу керек;

  • Бутту учкаштырып отуруу

Бутту учкаштырып көпкө отурган кезде жамбаш сөөк кыйшайып, мунун арты менен омурткага күч келет. Ошондой эле учкашкан буттарда кандын жүгүрүүсү начарлайт;

  • Бийик такалуу бут кийим

Бийик такалуу бут кийим кийгенде салмактын көбүн буттун учтары көтөрүп калат. Мындай туура эмес бөлүштүрүүдөн улам омуртка кыйналат;

  • Смартфонду тиктөө

Азыр социалдык тармактарды смартфондон бир нече саат бою тиктеп отурган адамдар көп. Телефонду караганда баш көп убакыт бою алдыга созулуп тургандыктан омуртканын моюн тушуна күч келет;

  • Чылым чегүү

Бул адат жалпы ден соолукка пайда алып келбейт. Өзгөчө кан айлануу системасы запкы тартат. Кесепетинде омуртка менен түздөн-түз байланышы бар кан тамырлар менен нервдердин иштеши начарлайт;

  • Кальций тартыштыгы

Айрымдар кальцийге бай сүт жана сүт азыктарынан баш тартып коёт. Эгер аларды такыр эле жегиси келбесе, жок дегенде кальцийди препарат түрүндө ичип туруу керек;

  • Ашыкча тоюп алуу

Тамакты ар дайым нормасынан ашык жеген адам толуп кетери талашсыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482