7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт

17

Дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда мамлекет тарабынан саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулууда.

“Айлык маянадан тышкары биздин жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү максатында мамлекет тарабынан саламаттык сактоо багытына өзгөчө басым жасалууда. Жер-жерлердеги кадр жетишсиздиги маселеси биринчиден каржы маселесине келип такалчу. Азыркы убакта болжол менен 100 пайызга чейин маяна көтөрүлүп жатат. Бул жер-жерлерге кадрларды сунуштап же шаардан жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда айлык маянадан тышкары бир нече кесиптин ээлерине мамлекет тарабынан акыркы 2 жылдан бери 20 миң сомдон кошумча төлөнөт. Андан тышкары, 3 айда бир төлөнүүчү дарыгердин депозити буга чейин 33 миң болуп келсе, азыркы учурда 66 миң сом”,- деди ал.

18