Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев Даун синдрому бар балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Эл өкүлү быйыл 21-март – бүткүл дүйнөлүк Даун синдрому бар адамдардын күнү Нооруз майрамына туш келерин эске салды.
Бекешев Даун синдрому генетикалык оору экенин белгилеп, эмне үчүн жардамга муктаж болгондордун баарына көмөк көрсөтүлбөй жатат деген суроону ортого салды.
Мындан тышкары, Даун синдрому бар балдардын мектептерге киргизилбей жаткандыгын айтып, билим берүү мекемелери окутууда гана эмес, социалдаштырууда да маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



