7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Декабрда Ош облустук көркөм сүрөт музейинин 20 жылдыгына арналган китептин бет ачары өтөт

111
Декабрь айында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин 20 жылдык тарыхына арналган китептин бет ачары өтөт. Бул басылма музейдин калыптаныш тарыхын, өнүгүү этаптарын жана түштүк аймактын көркөм маданиятына кошкон салымын камтыйт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ош облустук көркөм сүрөт музейи — живопись, графика, скульптура жана колдонмо искусствонун ар түрдүү коллекциялары чогулган, Кыргызстандын түштүгүндөгү негизги маданий борборлордун бири. Музей улуттук көркөм мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча маанилүү иштерди жүргүзүп, заманбап сүрөтчүлөрдү колдоого жана Ош шаарындагы чыгармачыл чөйрөнүн өнүгүшүнө активдүү көмөк көрсөтүп келет. Бул багытта көргөзмөлөр, арт-резиденциялар, билим берүү программалары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Жарык көргөн жаңы китеп — музейдин тарыхын, аны өнүктүргөн адамдардын эмгегин жана ошол мезгилдеги искусство дүйнөсүнө арналган терең сый-урматтын чагылышы. Басылма Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен чыгарылды.
Китептин бет ачары музейдин маданий тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп, жергиликтүү коомчулуктун жана искусство сүйүүчүлөрдүн көңүл чордонунда болору күтүлүүдө.
112