7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Делегат: «Чоң туз шахтасын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү суранабыз»

124

Чоң туз шахтасын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү суранабыз. Мындай өтүнүчүн Кочкор районунан келген делегат Соңкөлбек Касиев IV Элдик курултай учурунда билдирди.

“Кочкор районунда Туз айылында Чоң туз шахтасы бар. Совет убагында ал жерде чоң санаторий иштеп, дүйнөнүн бардык тарабынан адамдар келип дарыланышчу эле. Азыр ал жеке менчикке өтүп кетип, абалы абдан начарлады. Биз дагы ал жерден малга туз ала албай калдык. Ошону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү суранабыз.

Андан сырткары, мен Бишкек шаарындагы онкологиялык оорукананын бейтаптарынын өтүнүчүн алып келдим. Алар болгон каражатын жумшап, 1-2 жыл дарыланып, андан кийин биздин арабызга аралаша албай калышат экен. Себеби, анда дарылануу өтө кымбат турат. Жалгыз эле онкологиялык оорукана бар. Дарылануу дагы, дары-дармектери дагы кымбат. Урматтуу эл журт, урматтуу Садыр Нургожоевич ушул маселени бир карап, дарыланууну акысыз кылып берип койсоңуздар”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегат катышууда. Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.

125