7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды

18

4–15-апрель күндөрү Бишкекте таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты өтүүдө.

6-апрелде чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, ага ардактуу коноктор: Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Олимпиадалык спорт түрлөрү дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы шахмат жана шашка федерациясынын президенти Эрмек Мукашев катышты.

Мелдеш FIDE (Дүйнөлүк шахмат федерациясы), ACF (Азия шахмат федерациясы) жана IPCA (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы) тарабынан колдоого алынууда.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан 25ке жакын шахматчы катышууда.

Мелдештер үч форматта өтөт: классикалык шахмат, рапид жана блиц. Турнир 9 турдан турган швейцариялык система боюнча уюштурулган.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Программанын алкагында маданий иш-чаралар да каралган — 9-апрелде катышуучулар «Ала-Арча» улуттук паркына барышат.

Бул чемпионат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында интеллектуалдык спортту өнүктүрүүгө, алардын коомдук турмушка активдүү катышуусун колдоого жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

19