7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

846

Бүгүн Бишкекте дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында «Ынтымак» паркында ден-соолук акциясы уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаардыктар үчүн АИВге тест тапшыруу, кандагы канттын деңгээлин, басымын өлчөө, дарыгерлердин кеңешин алуу үчүн экспресс-лабораториялар жайгаштырылды, ошондой эле тамекини таштоо ыкмалары, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, COVID-19 каршы эмдөөнүн пайдасы темасында бир катар лекциялар уюштурулду.

Мындан тышкары, иш – чаранын катышуучулары шаарды жашылдандырууга басым жасап, паркка 70 Крым карагайлары

отургузулду.

Ден соолук акциясына Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ИИМинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын, Кыргызстандын Кызыл Жарым айынын кызматкерлери, ошондой эле БУУ агенттиктеринин жана Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

 

Белгилей кетсек, 1948-жылы 7-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун конституциясы күчүнө кирген. Бул дата уюмдун туулган күнү болуп эсептелет жана жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү катары белгиленет. ДСУнун конституциясы ден соолук укугун рассасына, динине жана социалдык абалына карабастан ар бир адамдын ажырагыс негизги укугу катары тааныйт.

Ден соолук- бул толук физикалык, психикалык жана социалдык жыргалчылыктын абалы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

847