Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева өлкөдө үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады.
Темирбаева кыргыз, орус жана англис тилдеринде билим берүүнү баштоо сунушун киргизип, өлкөнүн келечеги үчүн бүгүндөн тарта англис тилинде сабактарды киргизүү зарыл экенин белгиледи.
“Англис тили – бул илим жана технологиялардын тили. Албетте, реформага каражат талап кылынат. Бирок биз баштасак, эл аралык коомчулук жардам берет деген ойдомун. Бул системага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Андыктан кадамды бүгүн башташыбыз керек. Анын максаты келечекте жаштардын кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөөсүнө калыптандыруу болуп саналат”, — деди ал.
Депутат үч тилдүү билим берүүнү ЖОЖдордо, өзгөчө техникалык факультеттерде пилоттук негизде киргизүү керектигин белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram