7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: ЕАЭБге Армениянын кошулуусу боюнча протокол КРге кандай таасир этет?

300

ЕАЭБге Армениянын кошулуусуна байланыштуу тиешелүү келишимдерге өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев аталган протокол аркылуу Арменияга үчүнчү өлкөлөрдөн келген кирген айрым товарларга жеңилдик берилип жатканын билдирди.  

Талкуу маалында депутат Алмазбек Токторов «Протокол кабыл алынса Кыргызстанга кандай таасир этет?» — деген суроо берди.

Өз кезегинде Бекболот Алиев олуттуу таасири жок экенин белгиледи.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

301