7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: «Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун 12 млн сом карызын жоюу зарыл»

572

19- декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары көчмө жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун демилгеси менен Сокулук районундагы Фрунзе айылына барышып, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.

Буга чейин, 15-сентябрда аталган институттун окумуштууларынын кайрылуусу боюнча № П157-VII протоколдук тапшырмасы кабыл алынган.

Жыйында комитет мүчөлөрү мал чарба, жайыт жана тоют өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы илимий-изилдөө иштерди жүргүзүп жаткан институттун ишин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бир катар маанилүү чараларга көңүл бурушту.

Алсак, депутат Султанбай Айжигитов илимий мекеме менен тармактык министрликтин ортосундагы алакаларды арттыруу, илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

«Институттун негизги жетишкендиктеринин бири – акыркы 30 жылдын ичинде алар толук өзүн-өзү каржылоодо болгонуна карабастан, малдын баалуу породаларын жана үрөн базасын сактап кала алышкан. Азыркы кезде илимий институт менен айыл чарба министрлигинин ортосунда байланыштар үзүлүп калгандыгы байкалып турат. Буга байланыштуу министрликке илим менен тыгыз байланыш түзүүнү сунуштайт элем. Экинчиден, мекеменин 12 млн сом карызын жоюу боюнча чараларды көрүү зарыл. Ошондо алар мамлекеттик жеңилдетилген кредиттерди алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деген Айжигитов рынок шартында илимий мекемелерге инновациялык өнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан каржылык жардам көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Айыл чарба министрлигине институттун болгон карызын реструктуризациялоо боюнча ыкчам чараларды көрүүнү жана анын илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү сунушташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573