7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Шаирбек Ташиев насыя берүү шарттарын жакшыртуу маселесин көтөрдү

801

Бүгүн, 11-мартта «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында сүткорлук ишти чектөөгө багытталган мыйзамдын аткарылышы талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу маалында депутат Шаирбек Ташиев насыя берүү жана ишкерлерди колдоо жаатындагы маселелерге токтолду.

“Жеңилдетилген насыялар дыйкандарга гана берилип, ишкерлерге сунушталган жок. Анткени финансы министрлигинде ишкерлер үчүн өзүнчө финансылык-насыялык фонд бар. Бирок анын каражаты ири компанияларга гана бөлүнүп, бат эле түгөнөт. Жөнөкөй, карапайым элге жетпейт”, – деди.

Ошондой эле “Айыл банкта”, “РСК банкта” жана “Керемет банкта” кардарлар үчүн тийиштүү шарттар каралбаганын айткан эл өкүлү: “Бир шаарда бир гана филиалы иштегендиктен, насыя алгандар да, пенсия алгандар да катар туруп, кезек күткөндөр көп. Маселен, Жалал-Абад шаарында ушундай көрүнүш көнүмүшкө айланган. Ал эми коммерциялык банктар бардык жерде бөлүмдөрүн ачып, банкоматтарын орнотуп койгон. Муну менен катар кызматкерлеринин айлык маянасы да жогору. Андыктан аталган маселеге көңүл буруп, мамлекеттик банктардын бөлүмдөрүн бардык жерде ачып, банкоматтарын да көбөйтүү керек. Ошондо атаандаштыкка туруштук берет, насыялардын пайызы төмөндөйт. Анткени, азыр мамлекеттик банктар жана каржылык уюмдар коммерциялык жеке банктар менен атаандаша албай келет”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары Ломбарддардын иши жөнүндөгү мыйзам тууралуу “Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүндө зайымчы күрөөгө коюлган мүлккө карызын өндүрүп алуу милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбарддын талаптары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык соттук же соттон тышкары тартипте жүзөгө ашырылаары белгиленген. Бирок бул туура эмес. Соттон тышкары деген эрежени өзгөртүп, жалпы эле аталган мыйзамдагы талаптарды жаңылоо шарт”, – деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

802