Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Ноокен районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү Бактыбек Сыдыков менен бирге Транспорт жана коммуникациялар министиринин орун басары Таабалды Тиллаев, Архитектура, курулуш боюнча агенттиктин башчысы Токтомамбет Сатышев ж.б. мекеме, кызматтардын өкүлдөрү бир нече айыл өкмөттөрүн кыдырып, проблемаларды көрүп чыгышты.
Алгач чек арага танапташ Достук айылына барып, ал жерге мектеп куруу зарылдыгын көрүштү. Эл өкүлү Сыдыков Фуркат айылындагы Фин тибиндеги эски мектеп авариялык абалда экенин, экотехинспекция колдонууга тыюу салганын билдирди. Министрлер кабинетинин өкүлү көйгөй менен жеринен таанышкан соң мында 275 орундук типтүү мектеп куруу керектигине ынанып, курулуш баштоого бардык тийиштүү даярдыктарды көрүүнү кызматкерлерге тапшырды. Андан соң Бүргөндү айыл аймагында жолугушуулар болду. Анда депутат Бактыбек Сыдыков эң зарыл жерлерге гана социалдык объекттер курулушу керектигин жергиликтүүлөргө түшүндүрдү.
«Өтө зарыл эмес жерге мектеп кура берген болбойт. Аз гана калк жашаган айылдарга мектептер курулуп, класстар балага толбой бош турат. Ошол эле учурда көп жылдан бери бүтпөй жаткан мектептер бар, биринчи кезекте ошолорду аягына чыгаруу керек. Сиздердин айылдагы саналуу бала үчүн мектеп курбай, жакшысы аларга муниципалдык автобус уюштурган туура. Мен өз каражатыма транспорт берейин, балдарды мектепке ташыгыла», — деди эл өкүлү.
Андан соң депутат баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Сакалды айыл аймагындагы оорукананы көрүп чыгышты. Эски имарат капиталдык ремонтко муктаж жана кошумча дарылоо корпус куруу зарылдыгы бар. Маселени жеринде талкуулашып, 9 миң калкты тейлеген ооруканага 20 орундук имарат куруу чечими кабыл алынды. Аримжан айылында 8 жыл мурда башталган 100 орундук мектеп акчасы 100 пайыз берилсе да курулуп бүтпөй калган. Жергиликтүү тургундардын чыдамы кетип, митингге да чыгышкан. Депутат Бактыбек Сыдыков маселени кабыргасынан коюп, чара көрүү маселесин көтөрдү. Архитектура жана курулуш боюнча агенттиктин жетекчиси Токтомамбет Сатышев бул мектеп боюнча ишти прокуратура карап, күнөөлүү адамдарга чара көрүлөрүн белгиледи. Алар май айына чейин мектеп толук бүтөт деп убакыт берүүсүн суранышты.
Ошондой эле Киров айылында да мектеп куруу зарылдыгы курч. 192 орундуу мектепте 500 бала билим алат. Жергиликтүүлөр кошумча окуу корпус, ашкана куруп берүүнү өтүнүп келишет. Бийлик өкүлдөрү мектеп куруу маселесин талкуулап, 275 орундуу типтүү мектеп курууну пландаштырды. Ал эми Кызыл-Кыштак айылында да бир топ жылдан бери бүтпөй турган социалдык объект бар. Шайдан айыл өкмөтүндө Сүйөркулов мектебин да кайра куруу керек. Ал жерге да кийинки жылдан типтүү мектептин курулушун баштоо белгиленди.