7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: УКМК жасалма дипломго шектелген 4 депутаттын атын атап койбойбу

917

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «УКМК жасалма дипломго шектелген төрт депутаттын атын атап койбойбу»,- деди депутат Чыңгыз Ажибаев .

«Эки күндөн бери ЖМКлар Жогорку Кеңештин төрт депутатынын диплому жасалма деп маалымат берип жатышат. Элди дүрбөлөңгө салбай УКМК ошолордун атын атап койбойбу. Менин душмандарым айрым адамдар эртең менен «Ажибаевдин диплому жасалма» деп айтып чыгыптыр. Мен беш жыл өз күчүм менен ЖОЖду окуп бүткөнмүн», — деди Ажибаев.

Башкы прокуратуранын өкүлү диплом тууралуу интернетке жарыяланган кабарлар алдын ала маалымат болуп эсептелерин, тергөөнүн купуялуулугу үчүн азырынча аты аталбай турганын айтты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

918