7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды кайтаруу аракетинде

748

Ош шаардык кеңеши эми доогер катары сотко жана прокуратурага кайрылып союз тарагандан кийин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имаратын кайра мамлекетке кайтаруу аракеттерин баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өткөн шаардык кеңештин сессиясында айтылды.

Шаар аймагында жалпы 44 бала бакчанын имараты союз тарагандан кийин менчикке берилип кеткен. Учурда айрымдары мейканага же ар түрдүү бизнес борборго айланган. Буга чейин Ош шаардык мэриясы жана прокуратурасы бул багытта иш алып барып, бирок сотто жеке менчик тараптан утулуп калышкан.

Ош шаарында жалпы 75 бала-бакча бар. Алардын 44ү мамлекеттик, калганы жеке менчик. Ал эми имарат жетишсиздигинен улам, бакчага кезек күткөн балдардын саны 12 миңден ашат. Эгерде убагында мыйзамсыз менчиктерштирилип кеткен бала бакчалар кайра муниципалдык баланска алына турган болсо көйгөй жоюлары сессияда айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749