7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттыкка талапкер аялын кызганып балта менен кол салды

151

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер балта менен кол салууга шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 17:34 чамасында Ленин райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнө балта менен кол салуу болгондон кийин жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анын сол колунун экинчи манжасы чабылып, ортон манжасынын сөөгүнүн жылышы менен коштолгон ачык сынык жарааты болгон.

Жабырлануучу өзүнүн арызында ага балта менен кол салган жаранга тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында жаран өзүнүн жолдошу кызганып, жабырлануучуга балта менен кол салган.

Бул факты боюнча «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын баракчасынан алынган маалымат боюнча № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон өткөн.

Ошондой эле ал мурун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматында иштегендиги аныкталган.

152