7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ди-джейди өлтүргөн шектүү кармалды. Өлүмгө кызганыч себеп болгон

1653

Ди-джейди өлтүргөн шектүү кармалды. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү аялын ди-джейден кызганып, аны жигити деп ойлогон. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ, 1-мартта DJ Casper каймана аты менен белгилүү болгон ди-джей Дмитрий Саразовду өлтүрүүгө шектүү жаран кармалган. Ал 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын Л.В., аттуу тургуну экени аныкталган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, Л.В., аялын ди-джей Касперден кызганып, анын изине түшүп, атып өлтүргөн. Ал аялын музыкант менен ойноштук кылып жүрөт деп ойлогон.


Эскерте кетсек, 25-февралда Восток-5 кичи районунун үйлөрүнүн биринин кире беришинде, Промзона аймагында жайгашкан «Бензин 312» клубунун ди-джейи атып өлтүрүлгөн. Маркумдун жүрөк туш жагына эки жолу атылган.

1654