7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дипломотиялык мамилелерге 30 жыл. Австриянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

553

Австрия Республикасынын Федералдык президенти Александр Ван дер Беллен президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Акыркы 30 жылдын ичинде биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер абдан позитивдүү жана достук маанайда өнүгүп, өз ара урматтоо менен мүнөздөлөт. Австрия менен Кыргыз Республикасы да ар түрдүү тармактарда көп тараптуу деңгээлде ийгиликтүү кызматташат. Биздин эки мамлекет тең Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында Кыргызстан тарабынан демилгеленген Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобуна мүчө.

Өткөн жылдын ноябрында тышкы иштер министри баш болгон Австриянын чоң делегациясы сиздердин өлкөгө келип, өкмөт жана бизнес өкүлдөрү эки тараптуу экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурушкан.

Мааракелик жылда биз биргелешкен күч-аракеттер менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий жана жеке деңгээлдеги кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү багытын аныктай алабыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо катында.

Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго жеке бакубатчылык, ал эми Кыргызстанга бактылуу жана ийгиликтүү келечек каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

554