7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ДКО Эл аралык секретариаты 10 өлкө менен өнөктөштүк келишимге кол койду

25

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Эл аралык секретариаты бир катар эл аралык уюмдар менен Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду:

  • Бангладеш Этноспорт Эл аралык Ассоциациясы, документке Ассоциациянын президенти мырза МД Аль Мамун кол койду;
  • Азербайжандын Улуттук спорт түрлөрү ассоциациясы, документке президент мырза Казым Ханлар оглы Гурбанов кол койду;
  • Беларусиянын Салттуу күрөш түрлөрү коомдук бирикмеси, документке жооптуу катчы мырза Шараев Александр Иванович кол койду;
  • Индиянын Салттуу күрөш жана панкратион федерациясы, документке президент мырза Омармухтар Чандпаша Тамболи кол койду;
  • Индонезиянын Бел боо спорт түрлөрү федерациясы, документке төрага мырза Яхья Маджид кол койду;
  • Италиянын Кураш жана салттуу күрөш түрлөрү федерациясы, документке президент мырза Витторио Гиорги кол койду;
  • Мадагаскар Бириккен күрөш федерациясы, документке президент Равелосон Нестор Мамитиана кол койду;
  • Филиппиндин Салттуу спорт жана оюндар федерациясы, документке президент мырза Ронилдо А. Палмера кол койду;
  • Польша Салттуу биркөруш федерациясы, документке жетекчи мырза Андрзеж Гржегоржек кол койду;
  • АКШнын Салттуу спорт жана оюндар ассоциациясы, документке президент Аарон Скотт Вендел кол койду.

Келишимге ылайык:

• Өнөктөштөр өз өлкөлөрүнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте Оюнга катыша турган улуттук делегацияны – спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн түзүүгө ыйгарым укуктуу;
• Өнөктөштөр өз өлкөлөрүндө Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Эл аралык секретариатынын кызыкчылыктарын чагылдыруу менен биргеликте, делегациянын катышуусун жана аккредитациясын уюштурууну камсыз кылышат;
• Өнөктөштөр өз өлкөлөрүнүн компетенттүү мамлекеттик органдары менен биргеликте делегацияны- спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн авиабилет, бирдиктүү форма жана тиешелүү логистика менен камсыздоо үчүн каражат тартуу боюнча милдеттенмелерди алышат.

Мындай келишимдерди түзүү — “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын” өнүктүрүүдөгү негизги кадам болуп саналат. Ал туруктуу эл аралык кызматташууну көрсөтүп, ишенимдүү жана сыноодон өткөн өнөктөштөрдүн негизинде оюнга катышуучу мамлекеттердин системасын түзөт.

Келишимдер — бул системалуу ыкманын куралы, анда ар бир өнөктөш-мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында татыктуу көрсөтө алуусу үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган авторитеттүү уюмдар аркылуу процесске тартылат.

26