7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Достук” өткөрмө бекетинин жанына 45 метрлик флагшток орнотулду

184
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетине жакын аймакка 45 метрлик флагшток орнотулуп, анын айланасында заманбап эс алуу жайы курулду.
Бүгүн флагштокко Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлүп, эс алуу жайы расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, легендарлуу парламенттин депутаттары, кошуна өлкөлөрдүн консулдары жана шаар тургундары катышты.
Белгилей кетсек, аталган аймакты мэр рейддик кыдыруу учурунда жеринен көрүп чыккан.
Мурда флагшток орнотулган жерде май куюучу жай жайгашкан эле.
Ал алынып салынып, орду жашылдандырылып, брусчатка төшөлүп, отургучтар коюлду.
185