7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада алса болот

315

Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада алса болот. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясы” айылдык товар өндүрүүүчүлөргө, сезондук талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, айыл чарба субьекттери, күйүүчү майды 2 сомдун тегерегинде арзандатылган баада сатып алса болот. Күйүүчү май сатып алууну каалаган жарандар, жергиликтүү бийлик органдарына тапшырык тапшыруусу керек. Күйүүчү майлар “Газпром нефть Азия”, “Партнер Нефть” май куйуучу жайларынан берилет.

Белгилей кетсек Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу, азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында, айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.

Учурда жер семирткич, үрөндөр, жергиликтүү базарларда сатылууда.

Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн, жаздык жана күздүк себүүдө, 30501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

316