7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дыйкандарга картошканы өз убагында сатуу сунушталды

143

Картошка рыногундагы абалга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ички рынокто адилетсиз соода жүргүзгөн алып сатарларга каршы рейддерди уюштуруу жана мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу иш-чарасынын алкагында, Кытайдан алып келинген картошкалар өлкө рыногунда бар экендиги аныкталды. Алар кыргыз картошкасы катары сатылып жатпагандыгы белгилүү болду.

Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы картошка өстүргөн дыйкандарга продукцияны өз убагында сатуу сунушталды. Айрым дыйкандар картошканын баасы жогорулайт деген үмүт менен кампаларда сакташат. Сатуучулардын айтымында, учурда рынокто Кытайдан келген картошканын баасы 38-40 сом, ал эми жергиликтүү картошка 42–44 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү картошканын дүң баасы 35-40 сомдон болууда.

«Жакынкы күндөрү Араван районунда өстүрүлгөн эрте жазгы картошка рынокко чыга баштайт. Бул жагдай баанын өсүшүнө жол бербейт. Ошондуктан, продукцияны узак убакыт сактоо чирип кетүү коркунучун жаратат жана дыйкандар күткөндөй киреше алып келбей, тескерисинче чыгымга учуратышы мүмкүн», — делет маалыматта.

144