Вице-премьер-министр Эдил Байсалов: Кыргызстан Батыштын да, Чыгыштын дагы жолун кыйшайгыс үлгү катары кайталабастан, өз алдыбыз менен өнүгүп, өз элибизге жана өз шартыбызга туура келген ыкма менен өз тагдырыбызды өзүбүз чечкенибиз жакшы. Албетте, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сөзсүз эске алыш керек, бирок Батыш туу туткан либералдык демократия азыр эбегейсиз кризиске учураганын кантип көз жаздымда калтырабыз?
Эч ким тана албайт, мындай чоң аракеттер ката жана кемчилик менен дагы коштолот, анткени эч нерсе кылбаган адам гана ката кетирбейт, бирок кээ бир сын айткандар, менин оюмча, ар бир майда нерсени тоодой кылып көрсөтүп, эптеп эле кыйкым издеп, кандай болбосун абалда да бийликтин жасагынынын баарын каралоо аракетине өттү. Ошондой аракеттердин бири – Болот Темирдин алтын куймалары тууралуу жасалма иликтөөсү…