Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык баракчасына өлкөдөгү бюджеттин абалы тууралуу билдирүү калтырып, анда Садыр Жапаров президент болгондон бери бюджет эки эсеге өскөнүн белгилеген.
“Бюджетте дефицит жана кризис болгон жок! Соңку учурда компетенттүү эмес сынчылар бийликке негизги нааразычылыгынын айтып, анын себеби бюджеттеги 30 миллиард сомдун дефицити жана бюджеттин тартыштыгын айтып жатышат. Журналисттер болсо бүт дүйнөгө “эң чоң жоготуу, эң чоң дефицит” деп жазышууда. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров иштеп баштагандан бери бюджет үч жылдын ичинде эки эсеге көбөйгөнүн билбей жатышат. Учурда эмгек акынын, пенсиянын жана пособиялардын азыркы учурда көбөйгөнүн эл көрүп жатпайбы. Өлкөнүн ар тараптан өсүп, өнүгүп жатканын баары эле көрүп, байкап жатат. Бирок биздин мамлекетибизде жашап жаткан кээ бир мекендештер, өлкөнүн өсүп жатканын көрүп турса дагы, көрбөгөндөй болуп бир ошол бюджеттин тартыштыгына жармашып алып, бизди жемелеп , беттен алып жатышат. Буга чейин бир нече жолу премьер-министр Акылбек Жапаров менен каржы министри Жогорку Кеңештин трибунасынан түшүндүрмө беришип, баарын айтып беришкен, бирок айрымдарына дагы деле жетпей жатат. Эч кандай кризис болгон жок! Биз өнүгүп келе жаткан өлкөбүз. Чечебиз деген миллиондогон маселе бар, бирок ага азырынча акча жок. Бирок ошол эле учурда бардык бюджеттик милдеттер толук жана мүнөт сайын аткарылып жатат. Бардык айлыктар, пенсиялар жана пособиялар өз убагында төлөнүп жатат! Быйыл өлкө 26 миллиард сомго жакын (300 миллион доллардан ашык!) тышкы карызды төлөдү. Биз өнүгүүнүн бул ишенимдүү багытын улантабыз деп бардыгын ишендиргим келет. Чындыгында мамлекеттин азыркы жетекчилиги өлкөнү түз маанисинде терең чуңкурдан сууруп чыгып жатат. Биз жакырчылык синдромунан, эски мамлекеттик “акча жок” саясатынан баш тарттык. Өлкө өнүгөт. Элдин жашоосу жеңилдейт!Бюджеттин тартыштыгы жана кризиси жок! Болгону ишеним дефицити бизде бар, бирок башында айтылгандай, биз буга чыдап, реалдуу жыйынтыктарды сөз менен эмес, иш жүзүндө гана көрсөтүп келе жатабыз жана дагы көрсөтөбүз!”,- деди ал.