7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Дмитрий Марьясин менен жолугушту

744

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Европа Экономикалык Комиссиясынын Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Марьясинге өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана БУУ туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иштер тууралуу маалымат берди.

Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин БУУ ЕЭК менен соода-экономикалык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу энергетика, шаар куруу, аймактык транспорттук байланыш жана башка тематикалык багыттар боюнча көп кырдуу техникалык кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Дмитрий Марьясин БУУ туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган Министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык реформаларын колдоого алып, БУУ ЕЭК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Ошондой эле жолугушууда тараптар Эдил Байсаловдун Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтүүчү БУУ Туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык форумуна төрага катары катышуусуна даярдыктарды талкуулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745