7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов: Кыргызстан дагы 3000 жыл бою БУУнун мүчөсү жана эгемендүү мамлекет катары калат

738

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУ туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык програмасынын бетачарында сөз сүйлөп, анда бул иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи.

«Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739