7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов жарандыгы жок жактарды документтештирүү боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды

799

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жыйындын мурдагы протоколунун пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду жана 2022-2024-жылдарга адам укугу жаатындагы иш-араккеттер планынын долбоору талкууланды.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жарандыгы жок жактарды документтештирүү боюнча жумушчу топту түзүүнү тапшырды жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдеринин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоо боюнча жумушчу топ түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800