Альпинист Эдуард Кубатов министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, 54 жаштагы Кубатов 2021-жылы жер шарынын эң бийик чокусу Эверестти, былтыр дүйнөдөгү эң татаал делген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багындырган.



