7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктарынан ажыратуу сунушталды

533

Прокуратура эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Социалдык тармактарда 6-ноябрда эки жаштагы эгиз кыздарга карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап кеткен. Ал окуя Араван районунда катталып, анда энеси төшөккө заара ушаткандыгы үчүн эгиз кыздардын сабап, зомбулук көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Д.С. аттуу жаран кармалган. Кылмыш иши боюнча эгиз кыздардын энеси Д.С. карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасы (кайненеси) А.Х. аттуу жаранга карата 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

«Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат» — деп айтылат маалыматта.

534